Ирактын Нажаф шаарында америкалык аскерлер менен шийилердин радикал дин ишмери Моктад ас-Садрдын согушкерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда. АКШнын авиациясы ас-Садрдын башчылыгындагы козголоңчулардын позицияларына каршы чабуулдарды коюууда. Америкалык командачылыгынын маалыматтары боюнча Нажафта соңку алты күндөн бери орун алып жаткан кагылышуулардан бери дегенде 30 козголоңчу набыт болду. Кошмо Штаттар Нажафтагы кагылышууларга Ирандын тиешеси бар деген маалыматтарга карата тынчсыздануусун билдирди. Буга чейин Ирактын коргоо министри Хазем Шалаан Нажафтагы радикал шийилер курал-жарактарды коңшу Ирандан алып жатышат деп маалымдаган. Кечээ аткылашуулар Багдадка жакын жайгашкан жана негизинен шийилер жашаган Садр шаарчасында да орун алды.