Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Кыргызстандыктар телеберүү аркылуу Олимпиаданы көрө алышат


БИШКЕК. Жума күнү Грецияда башталуучу дүйнөлүк олимпиада оюндарын Кыргызстандын телеберүүсү аркылуу көргөзүү үчүн макулдашууга кечээ кол коюлду. Ага ылайык Кыргызстан Орусиянын телеканалдары аркылуу олимпиадалык спорттук оюндарды көрсөтүү үчүн Орусияга 25 млн. сом өлчөмүндөгү каражат төлөөсү керек. Макулдашуунун мындай кеч кабыл алынышына туризм, спорт жана жаштар комитетинин олимпиадага байланыштуу бюджетке каражатты өз учурунда киргизбей коюшу себеп болду. Мындай пикирин бүгүнкү отурумда премьер министр Николай Танаев билдирди жана кайдигер мамилеси үчүн жетекчиликти сынга алды.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Португалияда өткөн футбол боюнча Европа чемпионатынын оюндарын Кыргызстанда көрсөтүү маселеси чемпионаттын башталышына 5 саат калганда чечилген.

XS
SM
MD
LG