Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Кыргыз шырдактарынын каталогу жарыкка чыкты


НАРЫН. Нарын шаарындагы "Заря" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чынара Акбаеванын айтымында, аталган бейөкмөт уюму жалаң шырдактар жөнүндө алгачкы каталогдун бир нускасын чыгарды. Ал каталогду чыгаруу алдында Евразия фондусунун машыктыруучулары шырдактарды өңдөрүнөн баштап, өлчөмү, дизайнын, чет өлкөлүк кардарлардын суроо талабына, табитине жараша жасоону аталган бейөкмөт уюмунун уздарына окутушкан. Шырдактардын алгачкы каталогу 20 барактан туруп, 400 нускада чыгарылат. Ага Евразия фонду 2миң доллар сарптайт. Ал эми аталган бейөкмөт уюму 21 аялды жумуш менен камсыз кылып, учурда Швециядан, Нидерланддан, Франция өлкөлөрүнүн заказы менен шырдак жасап жатышат.

XS
SM
MD
LG