Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Соломон Паси КМШнын 9 өлкөсүнүн ЕККУга катын кубаттады


БИШКЕК. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун азыркы жетекчиси, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Паси Уюмдун экономикалык форумун мындан ары Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде өткөрүүнү сунуштады. Мындай сунушту төрага Паси уюмдун 54 мамлекетине 9-августта жолдогон катында белгиледи. Катты Паси КМШдагы 9 мамлекеттин жолдогон уюмга жолдогон 3-июндагы каты менен байланыштырып, ЕККУнун ишмердүүлүгүнө КМШ мамлекеттеринин кызыгып жаткандыгын кубаттаган. Анын белгилегенине караганда уюмду реформалоо-мезгилдин талабы. Ошондуктан, сын-пикирлерди эске алуу менен, ЕККУнун структурасын түзүүдө жана жетекчисин дайындоодо КМШдагы мүчө мамлекеттерди да катыштыруу зарыл деп эсептейт төрага. КМШнын ЕККУга мүчө 9 мамлекети уюмга жолдогон катында кызматташтык уюмунун ишин сындап, ишмердүүлүктүн географиялык алкагын кеңитүү жана учур талабына ылайык реформалоо зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG