Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

Коалиция шайлоонун көз карандысыз өтүшүнө кызыкдар болууда


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы август айынан октябрга чейин шайлоо укуктарын үйрөтө турган атайын окууларды уюштурат. Ар бир үйгө чейин барып, шайлоонун эркин жана көз карандысыз өтүшүнө кол кабыш кылуу ураанын көтөргөн бул демилге чегинде 1580 миң нускада, орус, кыргыз жана өзбек тилдеринде баракчалар,китепчелер чыгат. Өнөктүккө 5 миң адам тартылып, алар жергиликтүү бийликке шайлоонун маани-маңызын калкка түшүндүрүү камын көрүшөт. Негизги көңүл көп мандаттуу добуш берүүнүн жаңы тартибин шайлоочуларга терең түшүндүрүүгө бурулат. Шайлоого байланыштуу бейөкмөт уюмдар узак мөөнөттү 60 жана кыска мөөнөттүү 2000 байкоочуну даярдашат. Шайлоонун эркин жана көз карандысыз өтүшүнө кол кабыш кылууну көздөгөн бул өнөктүктү өткөрүүгө жарандык уюмдар (Каунтерпарт, ЮСАИД) шайлоо боюнча грант берүү комитетинен каржылык жардам алып жатышат. Бул тууралуу бүгүн Акипресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын президенти Эдил Байсалов маалымдады.

XS
SM
MD
LG