Израилдин аскерий тик учмасы жана бир нече танк бүгүн Газа тилкесиндеги качкындар айылына чабуул жасап, ракета атты. Жөөт аскерий жетекчилеринин айтымында, бутага террордук түзүлүштөр алынган жана операция кыска мөөнөткө уланган. Ооруканага 12 араб жеткирилди, алардын үчөөнүн абалы оор.