Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Ооганстандагы НАТО аскерлеринин саны көбөйтүлүүдө


Октябрда өткөрүлө турган шайлоо менен байланыштуу, Ооганстандагы НАТО аскерлеринин саны алты жарым миңден сегиз жарым миңге чейин көбөйтүлүүдө жана алардын күч колдонуу укуктары кеңейтилет. Ал тууралуу НАТОнун аскерий башчысы, америкалык генерал Жеймс Жонс бүгүн Кабул шаарында билдирди: "Аскерлердин саны аз болгону коопсуздукту начарлатаарын өлкөлөр түшүнө баштады. Менин оюмча дагы, ал бир топ коркунуч түзөт, анткени оппозиция андай аскерлердин мүмкүнчүлүк чектерин жакшы билет жана алар чабуул жасаса, эң көп зыян тийгизиши мүмкүн". Дүйшөмбү күндөн бери Ооганстандагы эл аралык аскерлерге франциялык генерал Жан-Луи Пи жетекчилик кыла баштады.

XS
SM
MD
LG