Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Ирактын Шийи партиясынын жетекчилеринин бири өлтүрүлдү


Багдад шаарынын түндүгүндөгү Хан Бали Саад айылында бүгүн бомба жарылгандан төрт адам курман болуп, дагы онго жакын киши жараат алды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Амара шаарында болсо британиялык аскерлер он бирине караган түнү жыйырмага жакын жоокерди өлтүрдү. Ирак полициясынын айтымында, бүгүн эртең менен Багдад шаарында Шийи диний партиясынын жетекчилеринин бири Али Саади атып өлтүрүлдү. 10-августта Иракта дагы бир йорданиялык жаран барымтага алынды, эки апта мурда туткунга алынган эки йорданиялык айдоочу онунда бошотулган, бирок 9-августта башка бир адам барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG