Ирактын Нажаф шаарында жети күндөн бери салгылашуулар уланууда. Өлкөнүн убактылуу вице-президенти Ибрагим Жаафари "ал-Жазира" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, бардык чет өлкөлүк күчтөрдү шаардан чыгып кетүүгө чакырды. Анын айтымында, Нажафта тартипти Ирактын өзүнүн гана аскерлери орнотууга тийиш. Андан тышкары, имам Муктада ас-Садрдын жоокерлери дагы шаардан тез арада чыгып кетпесе, ага каршы катуу чаралар көрүлөт. Америкалык аскерий жетекчилик дагы Садрга 10-августта кайрылып, эгер ал Нажафтан чыгып кетпесе, өлтүрүлөөрү тууралуу билдирген жана алар азыр акыркы чабуулга даярданууда. Америкалыктардын айтымында, шаарда Садрдын 360 жоокери жок кылынды, Садр өзү андай маалыматты четке кагууда.