13-августта Афинадагы дүйнөлүк олимпиаданын ачылышы болот. Уюштуруу комитети билдиргенге караганда, бул күнү ыр-бий жана театралдык оюндар аркылуу байыркы Афинанын бүтүндөй тарыхы айтылмакчы. Кечээ Олимпиадада алгачкы оюндар болгон футбол боюнча беттешүүлөр башталды. Эркектер командалары боюнча эсеп мындай: Грекия менен Түштүк Корея, Мексика менен Мали тең чыкты, аргентиналыктар Сербия менен Черногорияны 6-0 эсебинде утса, Тунис менен Австралиянын командасы да тең чыкты. Эми аялдар футболду кандай ойнойт экен? АКШнын командасы гректерди 3-0 эсебинде жеңди. Жапондор шведдерди 1-0, Гремания Кытайды 8-0, Бразилия болсо Австралияны 1-0 эсебинде утуп чыгышты.