Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Барымтадагы иорданиялык ишкер бошотулду


Иракта жоочулардын колунда барымтада жаткан иорданиялык ишкер бошотулду. Ал шейшембиде жоочулар тарабынан туткундалган болчу. “Ассошейтед пресс” агенттиги билдиргенге караганда, Иракта ал жалданып иштеген даниялык ишкана барымтачылар талап кылган акчаны төлөп берди. Бирок, кандай өлчөмдөгү каражат төлөнгөнү кабарланган жок. Шейшемби күнү согушчан топ дагы эки иорданиялык айдоочуну бошоткон. Төрт ай мурда дайынсыз жоголгон дагы бир иорданиялык айдоочунун тагдыры белгисиз.

XS
SM
MD
LG