Түштүк Осетия бийлиги бир нече кыштактардын грузин аскерлери тарабынан аткыланганы жөнүндө маалымат таратты. Түштүк Осетиянын маалымат жана басма сөз комитети билдиргенге караганда, бул кол салууда бир нече адам оор жарадар болду. Бирок, канча адам жабыркаганы тууралуу так маалымат жок. Грузия бийлиги тараптан азырынча буга жооп боло элек. Шаршемби күнү Москвада Грузия менен Орусиянын жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлери жолуккан. Тараптар чатак болуп аткан аймактардан куралдуу күчтөрдү алып чыгып кетүү, бейпилдик күчтөрдү гана калтыруу жөнүндө келишкен.