Белорус бийлиги АКШнын төрт сенаторуна виза берүүдөн баш тартты. Ушул айдын соңуна белгиленген сенаторлордун иш сапарын эки өлкөдөгү шайлоолор соңуна чыккандан кийинкиге жылдыруу сунушу айтылды. Бул тууралуу Белоруссиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Белоруссияда быйыл октябрда парламенттик шайлоо, ал эми ноябрда АКШда президенттик шайлоо болору маалым. Бул окуядан кийин АКШнын Минсктеги элчилиги билдирүү таратты. Белоруссияга виза ала албай калган сенаторлордун бири, АКШ президенттигине мурдагы талапкер Жон Маккейни белорус бийлигинин бул кадамы аны таң калтырбаганын билдирди. Америкалык сенатордун айтымында, Александр Лукашенко өңдүү диктатор президентти чет өлкөлүк кадыресе сапарлар дагы чочутканы анын өзүнө өзү ишенбестигинен кабар берет.