Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Тегеран АКШны сынга алды


“Ырасмий Вашингтондун басымына карабастан Иран өзөктүк программасын токтотпойт” деп билдирди өлкө президенти Мухаммед Хатами. Мамлекет башчынын айтымында, БУУнун коопсуздук кеңеши менен коркутуп келаткан Америка саясий басым жасаганын токтотушу керек:

- Иранга басым жасаганга эч кандай негиз жок. Ириде түпкүлүгүндө саясий максат жатат, АКШ башка өлкөлөргө кийлигишкенге, таасир эткенге аракет кылган жаман адат таап алганы өкүнүчтүү, - дейт Ирандын президенти.

АКШ бийлиги Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши аркылуу Иранга эл аралык санкцияларды салуу маселесин көтөрүп келет. Ырасмий Вашингтон уранды байытуу менен Тегеран өзөктүк бомба жасагысы келет деген айып тагып келет. Ал эми Иран бийлиги аны четке кагып, байытылыган уранды реактордук курулуштарга гана пайдаланарын ырастап келет. Иранда кечээ жаңы өндүрүлгөн ракета ийгиликтүү сыналды. Эксперттердин айтымында, ал Израилдин аймагына жана Перс булуңунда жайгашкан америкалык аскерий базаларга жете алат.

XS
SM
MD
LG