Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Ыйык Нажапта кан төгүү уланууда


Ирактагы шийи жоочулардын башчысы Муктада ас- Садр көздөгөнүнөн артка кайтпастыгын билдирди. Өзү өлтүрүлгөн же туткундалган күндө да жоокерлерин салгылашты токтотпогонго чакырды. Анын мындай чакырыгын Ахмед ал- Шайбани деген жардамчысы жар салды:

- Мен, ас- Садр, коалициялык күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн же туткундалган күндө да салгылашты улантууңарды каалайм, - деп билдирди Муктада ас-Садр.

Ирактын Нажап калаасында америкалык аскерлер менен шийи жоочулар ортосунда салгылаш жети күндөн бери уланууда. Коалициялык күчтөр Нажаптагы согуштук аракеттерин токтотпосо, анда согушчандар Басрадагы мунайзат куурун жардырып, кемелер токтоочу жайды жок кыларын эскертишүүдө. Ал эми АКШ аскерий өкүлдөрү Нажапта аскердик чоң соккуга даярдык жүрүп атканын билдирүүдө. Ирандагы Мусулмандар аятолласынын лидери Али Хаменей Нажап өңдүү ыйык жерде америкалыктар муслумандарды өлтүрүп аткан чакта мулсулмандар четте карап тура албайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG