БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 12-августта алынган маалыматка караганда кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналарды тазалоо Өзбекстан куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми кыргыз тарап тазалоо иштерине тиешелүү аскердик уналардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Баткен жана Фергана облустарынын чектеш райондорунда чек ара бөлүктөрүнүн башчылары буга дейре макулдашкан. Мындай иштер алгач Өзбекстандын Шахимардан анклавынын тегерегинде башталып, андан ары Сох анклавынын айланасында улантылат. 1999-жылы Баткенге кол салган куралчан топторго каршы күрөшүү учурунда өзбек тарап өзүн коргоо максатында чек арага мина койгон. Бул миналардан Баткен облусунун аймагында 14 жарылуу болуп, андан облустун 2 тургуну каза таап, 3 оор жарат алган. Мындан сырткары эл бир канча мал-жанынан ажырап, жалпысынан 7 млн. сомго жакын чыгым тарткан. Миналарды тазалоо маселеси акыркы 4-5 жылдан бери чечилбей келген.
Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагына коюлган миналардан тазалоо иштери жүргүзүлөт