БИШКЕК. Жаза өтөө мекемелер боюнча мамлекеттик башкармалыгы бүгүн кесиптик күнүн белгиледи. Ага арналган салтанатка вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев баштаган расмий жетекчилер, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Мындан бир жыл мурда президент Аскар Акаев тармакты мамлекеттик башкармалык катары юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу жардыкка кол койгон. Ага чейин жаза өтөө мекемелер башкармалыгы ички иштер министрлигинин карамагында болуп келген. Азыр башкармалыктын тутумунда жаза өтөөчү 37 мекеме бар.