Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Орусия учкучтарынын кесиптик күнү


БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Кыргызстандагы Россия Федерациясынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Евгений Шмагин Россиянын аба күчтөрү жайгашкан Канттагы авиабазага барып орусиянын учкучтарын кесиптик күнү менен куттуктады.
Аскар Айтматов Россиянын авиабазасынын Кантта жайгашышы Кыргызстандын коопсуздугу үчүн кепил болот, деп билдирди. Ошондой эле Балыкчыда өткөрүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Чек-2004» аскерий машыгуусунда Россиянын учкучтарынын аскерий күчтөрүнүн даярдыгын жогору баалады.
Ал эми элчи Евгений Шмагин Канттагы авиабаза аймактын коопсуздугу үчүн жеке эле Россиянын кызыкчылыгы эмес, Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө мамлекеттердин да кызыкчылыгын көздөйт, деген пикирин билдирди. Анын айтымында аскерий кызматкерлердин жана курал-жарактын санын көбөйтүп, авиабазанын инфраструктурасын өстүрүү пландаштырылган.
Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Россиянын Канттагы авиабазасы 2003-жылы 23-октябрда ачылган. Анын ачылыш аземине мамлекет башчысы Аскар Акаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан.

XS
SM
MD
LG