Уурдалган 15 маймылдын баары – сейрек кездешүүчү тукумдан болчу, үчөө атүгүл маймылдардын буга чейин белгисиз түрүнө кирчү. Илим үчүн баалуу жаныбарлар шейшембиден шаршембиге караган түнү белгисиз адамдар тарабынан Обан Зоологиялык паркынан каракталган. Адистердин айтымында, аларды уурулар 18 миң долларга сатышы мүмкүн. Батыш Шотландиядагы Обан зоопаркы – жаныбарлардын сейрек түрлөрүн ачып өнүктүргөн мекеме катары дүйнөгө атагы тараган.