Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

Түркмөнстандын президенти С.Ниязов бетти упалап агартууну жактырбайт


Өткөн түнү журналисттер жана өнөр чеберлери менен жолугушуу маалында түркмөн лидери телеканалдар көрсөткөн репортажда жыйынга келген кыз-келиндер беттерин упалап агартып алганын жактыра бербей, андайга уруксат берилбеши керек деп белгиледи. "Кыздар беттерин өтө эле боеп алышыптыр. Бул жараша бербейт. Анын эмне кереги бар? Түркмөн аялдары ансыз деле апакай, жаратылышынан ошондой. Упа-боекту азыраак колдонуп жүрсөңөр", - деп чогулгандарга кайрылды С.Ниязов. Түркмөн президенти быйыл жазда эркектерге сакал коюп, чачын узартууга тыюу салган. Анын амири менен Түркмөнстандагы студент кыздар өткөн жылдан тарта улуттук баш кийим кийип жүрүүгө милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG