Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосундагы атышууларда 3 грузин аскери курман болду


Тбилисинин өкүлдөрү өткөн түнү сепаратисттик Түштүк Осетиянын жоокерлери менен куралдуу кагылыштарда 3 грузин аскери курман болуп, дагы бир нечеси жараат алганын кабарлашты. Осетия өкмөтүнүн басма сөз өкүлү "Эхо Москвы" радиосу угузган интервьюсунда Түштүк Осетия тараптан 20дай адам жараат алганын билдирди. Кагылышуулар орун алган чыр-чатактуу аймактагы Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн өкүлү, полковник Николай Баранов буларды айтып берди. "Болжол менен таңкы саат 3төрдө, Цхинвалиден чыгыш тараптагы Приси айылы минометтордон аткыланды, ал грузиндердин Тамарашени кыштагы тараптан болду. Андан кечирээк дагы ок ачылып, эртең мененки 8дерде биз ал позицияны жок кылдык", - деди орусиялык аскерлердин өкүлү. Кечээ кечинде Грузиянын президенти М.Саакашвили Түштүк Осетия менен каршылаштыкты ири кагылышууларга айландырып ийбеш үчүн колдон келгенин жасап жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG