Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Доналд Рамсфелд Бакуга барды


Азербайжан өз алдынча бөлүнүп алган Тоолуу Карабах чөлкөмүн Бакунун көзөмөлүнө кайтаруу маселесинде Америка колдоо көрсөтүүсүн өтүндү. Бул тууралуу Азербайжандын өкүлдөрү Бакуга сапарлап барган АКШнын коргоо министри Рамсфелдге билдиришти. Пентагондун жетекчиси маалымат жыйынында бул маселеге кайрылган жок, башкысы - Азербайжандын антитеррордук аракеттерге көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирип, коңшулаш Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу тынчсыздануусун айтты. "Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Ирандагы обьекттерди текшерип чыкты жана айрым кооптондурчу жагдайларга кайрадан көңүл бурду. Ирандыктар МАГАТЭнин бул айткандарына адаттагыдай эле канааттандырбарлык жообун узатты", - деди Пентагондун жетекчиси.

XS
SM
MD
LG