Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:07

Багдад менен Басрада миңдеген шийилер демонстрация өткөрүштү


Ирактын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси америкалык аскерлер менен салгылашып жаткан шийи согушкерлеринин лидери Моктада ас-Садр менен сүйлөшүү өткөрүү максатында Нажафка барды. Нажафтын губернатору Аднан ал-Зорфи шаардык Кеңеш да шийи динаятчыларына кан төгүүнү токтотуу сунушу менен чыкканын маалымдады. Ошол эле маалда ал согушкерлер шаардан эч кандай шартсыз чыгып кетиши керектигин белгиледи. Анын алдында шийи согушкерлеринин лидери Моктада ас-Садр аягына дейре коргонууга ант берип, америкалык командачылык козголоңчуларды кыйратуу боюнча ири чабуулдар башталганын жарыялаган. Багдад менен Басрада миңдеген шийилер Нажафтагы кагылышууларды айыптаган демонстрация өткөрүштү. Басрадагы жарылуудан бир британ аскери өлүп, дагы бирзөө жараат алды. Бүгүн таңга маал Ирактын түштүк-чыгыш тарабындагы Кут калаасында америкалык учактардын бомбалоосунан жана жердеги атышуулардан 72 киши набыт кетип, 150дөй адам жарадар болушту.

XS
SM
MD
LG