БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан 13-августта алынган маалыматка караганда, ичкелтеге кабылганы күмөндөлгөндөрдүн саны учурда 197 адамга жетип, алардын 89 мындай ооруга чалдыкканы аныкталды. Оорулуулардын негизги бөлүгү Баткен районундагы Кызылбел айылынын тургундары. Аталган айылда илдет май айынын акырында чыгып, тездик менен жайылып кеткен. Акыркы күндөрдө бул айылда илдеттин жайылышы бир топ басаңдаганы менен Баткен шаарынын жана анын айланасындагы айылдардын тургундарынын арасынан илдетке кабылганы шектелген бирден-экиден оорулуулар катталууда.