Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Милиция кызматкерлерине бир нече айдан бери акча берилбей жатат


ТАЛАС. Акыйкатчынын Талас аймактык өкүлчүлүгүнө мындан бир нече ай мурда жергиликтүү бюджеттен айлык акыларын ала албаган бир нече милиционерлер жардам сурап кайрылышкан. Маселе министрликтин деңгээлине чейин коюлганына карабастан ушул күнгө чейин оң чечиле элек. Облустук ички иштер башкармалыгынан 13-август күнү алынган маалыматка караганда, өрөөндөгү 450 ашуун милиция кызматкерлеринин ичинен 44 кызматкер айлыкты жергиликтүү бюджеттен алышат. Бир нече жылдан бери төлөнбөй келаткан карыз миллион сомго чукулдап калган. «Карызды азайтуунун бирден бир жолу күзгү түшүмдүн эсебинен болот» дешет облустук жетекчилик.

XS
SM
MD
LG