БИШКЕК. 13-августта Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун жакынкы чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча департаментинен Таапио Саавалайнен жетектеген делегация иш сапары менен келди. Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Майкл Мериттин айтымында, чет элдик эсперттер өлкөнүн макроэкономикалык абалы, Кыргызстандын тышкы карызынын төлөнөшү менен таанышышып, 2005-жылдагы республикалык бюджетинин долбоорун талкуулашат. Бул максатта делегация мамлекет башчы Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Каржы министри Болот Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов менен жолугушат. Иш сапарынын соңунда алар журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшөт.