Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Борбордук шайлоо комиссиясы Акүйдөн башка жерге көчүрүлдү


БИШКЕК. Жакын арада Борбордук Шайлоо комиссиясынын кеңсеси Акүйдөн азыркы Тышкы иштер министилиги жайгашкан имаараттын үчүнчү, төртүнчү кабатына көчүрүлөт. «Мындай жардыкка өкмөт башчы Николай Танаев кол койду» деп кабарлашты өкмөттүн маалымат кызматынан жума күнү. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 13-августан баштап Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумдары жаңы имааратта өткөрүлөт. Ал эми он алтынчы августан тарта ал жерде Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабыл алуу бөлүмү өз ишин баштайт.

XS
SM
MD
LG