БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев автожол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка караганда, депутат кызматтык машинасы менен 12-август күнү кечинде үйүнө кетип бараткан жолдо 75-15 мамлекеттик номерлүү «Ауди-100» автунаасы менен кагышкан. Депутат Садырбаевдин оң колу сынып, айдоочусу Каниметовдун мээси чайкалып, догдурга жаткырылган. Депутаттын автоунаасын алды жагынан сүзгөн Ауди-100 машинасында бир жигит, үч кыз болгон жана машинаны 17 жашар кыз документсиз айдап жүргөн. Бул автоунаада отургандардын ден-соолугуна доо кеткен эмес. Аталган жол кырсыгын тиешелүү органдар териштирип жатышат.