Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Эл аралык кризистик борбордун отчетуна көз караштар кандай?


БИШКЕК. «Президент Аскар Акаев келерки шайлоого барбайт. Анын акыркы мезгилде парламент сунуштаган демократиялык өнүгүүнү кепилдеген олуттуу мыйзамдарга кол коюшу ушундай ойду жаратат». Мындай пикирин «Азаттык» радиосуна Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков Эл аралык кризистик борбордун жаңы отчетуна байланыштуу берген жообунда билдирди. Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан кризистик борбор Кыргызстанга байланыштуу жарыялаган көлөмдүү отчетунда президент Аскар Акаев келерки шайлоого баруу аракетин көрсө, «Кыргызстанда элдин нааразылыгы пайда болуп, ал эми Борбор Азияда демократиялык эксперименттин эшиги узак жылдарга жабылат» деп белгиленген. Уюмдун мындай баасына ынанган оппозициялык саясатчы «президент өзү шайлоого катышпаганы менен, анын айланасындагылардын бири келерки президенттик шайлоого өзүнүн талапкердигин коюушу толук ыктымал» дейт. Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикирине караганда, аталган отчет президент Аскар Акаевдин мындан аркы жүргүзө турган саясатына таасир этиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG