Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Кытайлык аскердик делегация Бишкекке келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Кытайдын Синьцзянь аскердик округунун башкы командачысынын орун басары генерал майор Лю Юн баштаган делегация иш сапары менен келди. Ушул эле күнү кытайлык делегация Коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушту. Анда эки тараптуу аскердик кызматташтыкты чыңдоо, Кыргызстандын аскердик күчтөрүнүн түзүмү, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук абал тууралуу пикир алмашуу болду. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, кытайлык делегация эртең Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев, Улуттук гвардия жетекчиси Абдыгул Чотбаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кытайлык делегациянын иш сапары эки өлкөнүн отртосундагы аскердик кызматташтыктын алкагында ишке ашырылды.

XS
SM
MD
LG