БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын 19-түрмөдө отурган лидери Феликс Куловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонуу учуру 2005-жылдын ноябрь айына туура келет. Сокулук райондук соту бүгүн саясатчынын арызын карап, ушундай чечимге келди. Адвокат Любовь Иванова мындай чечимди «негизсиз» деп эсептеп, Жогорку Сотко кайрыларын билдирди. Адвокаттын айтымында, сот Куловдун 2000-жылдын 2-мартынан 2001-жылдын 22-январына чейинки түрмөдө отургандыгы тууралуу документти эсепке алган эмес. Ал эми «Арнамыс» партиясынын эсебине караганда, Кулов ушул жылдын июль айында бошомок. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу буга чейин Куловдун шарттуу түрдө боштондукка чыгуу мезгили 2004-жылдын август айына дал келерин маалымдаган.