Ирактын шийи мусулмандарынын башчысы аятолла Али ал-Систаниге Лондон шаарында кечээ күнү жүрөк операциясы жасалды. Доктурлардын айтымында, анын абалы азыр жакшы. Систани Лондонго 6-августта келген жана 12-августта атайын билдирүү жасап, Ирактын Нажаф шаарындагы абал тууралуу өз тынчсыздануусун билдирген.