Грекиянын борбору Афин шаарында кечээ күнү жыйырма сегизинчи Олимпиада салтанаттуу ачылды. Аземге дүйнөнүн 202 өлкөсүнүн 10 жарым миң спортчусу катышты, стадиондо 75 миң көрүүчү отурду. Бүгүн спорттун 21 түрү боюнча мелдештер өтүүдө. Ирандык дзюдочу, дүйнө чемпиону Араш Миресмаили мелдештен четтетилди, анткени бүгүн израилдик дзюдочу менен беттешүүдөн баш тартты. Кечээ күнү ал Ирандын улуттук туусун көтөрүп чыккан.