Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Ирактын Нажаф шаарындагы салгылашуулар токтотулду


Бир апта бою оор салгылашуулар болгон Ирактын Нажаф шаарында кечээтен бери салыштырмалуу тынч. Бирок Мехди армиясынын башчысы имам Муктада ас-Садр шаардагы имам Алинин мечитинде чыгып сүйлөп, америкалык аскерлерге каршы согуш токтобой турганын билдирди жана Ирактын жаңы өкмөтүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылды. Америкалык аскерлер Садрга каршы чабуулун токтотту жана аларга коргонуу максатында гана ок атууга буйрук берилди. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Ирактагы абалды стабилдештирүү үчүн, Нажаф шаары курчоодо кармалууда. Садр менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр бүгүн ийгиликсиз аяктады, имамга колдоо көрсөтүү үчүн Нажафка ар башка шаарлардан 10 миң адам келди. Кечээ күнү Басра шаарында барымтага алынган британиялык журналист Жеймс Брэндон бошотулду: "Мен абдан кубанычтамын жана алкыш айтам. Мехди армиясын дагы мен көп күнөөлөбөйм, окуяга Ирактагы бейстабилдүүлүк жараткан жалпы абал күнөөлүү". Журналистти туткунга алган жоокерлер Нажафтагы чабуулдун токтотулушун талап кылган.

XS
SM
MD
LG