Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Акыйкатчы Жогорку Кеңештке кат жолдоду


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Кумтөр оперейтинг компания» ишканасы айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатат деп, Жогорку Кеңештин кош палатасына кат жолдоду. Анда белгиленгенге караганда, экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги алтын кенин иштетүү токтогон шартта Арабель суусунун агымы бузулуп, каналга доо кетүү коркунучу бар. Кокус канал жырылса, ага этенктеш жайгашкан уу зат калдыктарын сактоочу жайдагы уу заттардын жайылып кетишин шартташы ыктымал. Ушуга байланыштуу акыйкатчы кош платадан ишкананын ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүнү суранган. Акыйкатчы ушуну менен Жогорку Кеңешке экинчи ирет кат жолдоду. Бул тууралуу акыйкатчынын коомчулук менен иштөө кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG