БИШКЕК. Шаардык, жана жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 23 миллион 170 сом бөлүнөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова билдирди. Анын айтымында, мындай каражатта 3 миллион, 200 миң сом жашыруун добуш берүүгө атайын бөлмөлөрдү сатып алууга жумшалат. Бул максатта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Борбордук шайлоо комиссиясына 127 миң доллар берүүнү пландаштырууда. Мамлекет башчынын апта башындагы жардыгына ылайык Кыргызстанда шаардык жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2004-жылдын 10-октябрында өткөрүлөөрү белгиленген.