Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

ЭВФтин миссиясы жүрөт


БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстанда Эл аралык валюта корунун кезектеги миссиясы жүрөт. Ал эми жума башынан тартып миссиянын башчысы Тапио Саавалайнен Бишкекке келет. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун буга чейинки маалымдоосуна караганда, миссиянын максаты өлкөнүн эмки жылкы бюджеттинин долбоору менен таанышуу, учурдагы экономикалык абалды иликтөө. Андан сырткары Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнүн жүрүшү жөнүндө да маселе козголмокчу. Кыргызстан менен Эл аралык валюта корунун үч жылдык программасы быйыл соңуна чыгат. Улан Сарбановдун айтымында, Кыргызстан Эл аралык валюта кору менен жаңы үч жылдык программа түзүүгө кызыкдар. Кордун миссиясы 25-августа соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG