БИШКЕК. «Арнамыс» партиясы жана Феликс Куловдун адвокаты Сокулук райондук соттун чечими колго тиери менен Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылат. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча сот чыгарган чечимин 10 күндүн аралыгында арызданган тарапка берүүгө тийиш. Маалым болгондой, «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун арызын Сокулук райондук соту 13-августа карап, бирок анын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Куловдун адвокаты Любовь Иванова райондук сот Куловдун 2000-жылдын башынан тартып, 2001-жылдын башына чейин абакта отурган мөөнөтүн эсепке албагандыгын билдирүүдө.