Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Кандагарда кагылышуу болду


Ооганстандын бул провинциясында орун алган кечээги урушта АКШ жана ооган аскерлери Талибандын алты согушкерин жок кылып, 11ин туткундаган. Кандагардын губеранаторунун өкүлү Халид Паштундун маалыматы боюнча уруш Пакистан менен чектеш аймакта болгон. Ал эми Талибандын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, алардын согушкерлери Кандагар провинциясындагы аскерий бекеттердин бирине кол салганда алты ооган жоокерин жок кылган. Талибан менен башка исламчыл согушкерлер Ооганстанда октябрда өтүүчү президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларды күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG