Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

ЖЕҢИШ ЧОКУСУНА СПИДге КАРШЫ КҮРӨШТҮН БЕЛГИСИ ОРНОТУЛДУ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Кыргызстандагы 7439 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусуна «СПИДге каршы күрөштүн эл аралык символу» орнотулду. Байланган кызыл тасмага окшош, эки жарым метрлик бул белгини бардык континенттерден 11 өлкөнүн окуучу-кол өнөрчүлөрү даярдашкан. Бул акцияны Кыргызстан менен Германиянын биргелешкен долбоорунун алкагында альпинисттерден жана спортчулардан куралган топ ишке ашырды.

«СПИДге каршы жапырт күрөш» деген ураанды сап кармаган долбоорду ишке ашыруу сунушу менен Германия тарап Кыргызстандын жетекчилигине мындан эки жыл мурда кайрылган. Ал эми долбоорду ишке ашыруучу экспедиция ушул жылдын 25-июлунда Вольфсбург шаарында сапарга чыккан. Белгилүү спортчу Йоахим Франц жетектеген делегация Берлин, Варшава, Минск, Киев, Москва, Астана шаарлары аркылуу өтүп, Кыргызстанга 7-июлда келген. Ал эми 8-август күнү саат 14:15те эл аралык топ «Кызыл тасма - СПИДге каршы күрөштүн эл аралык символу» деген белгини Кыргызстандагы бийик чокулардын бири саналган Жеңиш чокусуна орнотушту.

Акциянын жыйынтыкталышына байланыштуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылганга караганда, мындай өзгөчө акция миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген бул илдетке каршы күрөшкө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жасалды.

- СПИДге каршы күрөштүн мурдагылардан башка формасын тандап алышыбызга каражат табуу кызыкчылыгы да себеп болду, - дейт экспедициянын жетекчиси Йоахим Франц, - Керек болсо бул экспедиция пиар өнөктүккө окшоп калды. Мындай өнөктүктөрдө адатта демөөрчүлөр чыгат, экинчиден экспедициянын учурунда биз тарткан фото сүрөттөр, видеоматериалдар да сатылат. Ал каражаттар СПИДге каршы күрөш үчүн жумшалат.

Францтын айтымында, бул акция СПИДге каршы күрөш боюнча Кыргызстан-Германия кызматташтыгынын башаты. Алдыда биргелешип иштөөчү долбоорлор көп пайда болду. Маселен, эл аралык топ бул жерге чейинки сапарда тогуз шаарды басып өткүчө СПИД илдети менен жабыркаган көптөгөн адамдарга жолукту:

- ВИЧ инфекциясын алып жүргөн бул адамдардын жалгыз тилеги дүйнө адамдарына ачык болуу, өз проблемасын айтууга мүмкүндүк алуу. Башкача айтканда, оору менен бирге жашоого үйрөнүү. Мындай маселелерди чечүү үчүн биригүү керек.

Йоахим Франц мына ушул тилекти ишке ашыруу үчүн СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын эл аралык ассоциациясын түзүү зарылдыгы барын билдирди. Бул максат келерки жылы Кыргызстан тарап менен кошо ишке ашырылышы ыктымал.

Кыргызстандык адистердин маалыматтарына караганда, СПИД жайылган бардык башка өлкөлөргө караганда жагдай бул жерде алда канча дурус. Маселен, СПИД борборунун башчысы Борис Шапиро мындай дейт:

- Бүгүн Кыргызстан КМШдагы, ал эмес дүйнө жүзүндө деле жагдайы дурус өлкөлөрдүн бири. Алардын саны 500дөн бир аз ашык. Бул биз расмий каттагандар.

Кыргызстандык адистер, кылым оорусунун мындан аркы жайылышына каршы күрөштө эл аралык ар кыл демилгелерге кошулуу жакшы тыянактарды берерин айтышат. Туризм, спорт жана жаштар комитетинин төрага орун басары Бакыт Жекшеновдун айтымында, бул өңүттө эл аралык экспедициянын акциясы олуттуу пайда берет:

- Биз бардык күч-кубатыбыз менен алгалап, СПИДге каршы күрөштү күчөтүшүбүз керек. Биздин бул ишибизде акциянын орду өтө чоң.

«СПИДге каршы жапырт күрөш» ураанынын алдында өткөн эл аралык экспедицияны ишке ашырууга Кыргызстандан Кыргыз өкмөтү, Саламаттык сактоо министрлиги, Туризм жана спорт комитети, СПИДге каршы күрөш, кургак учук жана безгек илдеттерине каршы күрөш боюнча глобалдык фонддун өкүлчүлүгү кол кабыш кылышты. Экспедицияны жалпысынан 21 адис ишке ашырды. Ал эми СПИДге каршы күрөштүн эл аралык белгисин Жеңиш чокусуна германиялык жана кыргызстандык альпинисттер Маттиас Кернер менен Дмитрий Павленко орнотушту.

XS
SM
MD
LG