Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Тоолуу Нарын районунда мөмө жемиш берүүчү бактарды өстүрүүчү алгачкы жай ишке кирди


НАРЫН. Нарын районуна караштуу Жанбулак айылында мурда иштетилбеген эки гектар жерге мөмө жемиш бактарын жана жашылчаларды көбөйтүп өстүрүүчү жай ишке киргизилди. "Кирсаламон" деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Эркин Асаналиевдин айтымында, "Флора-фауна интернешнл" уюмунун 4 миң доллардык колдоосунун негизинде тогуз жүз түп алма, өрүк, шабдаалы отургузулду. Аталган айылдын тургундарына алма, өрүктүн көчөттөрү бекер таратылды. Эркин Асаналиевдин айтымында, питомниктин ачуу айылдыктарга Нарында мурда өстүрүлбөгөн жемиштерди өстүрүүнү жана алардан тамак-аш азыктарын жасоону үйрөтүү менен бирге витаминдүү азык менен камсыз кылуу зарылдыгынан ачылды.

XS
SM
MD
LG