Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Жалалабад облустук китепканасынын эмгек жамааты менен окурмандары бийликке кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууга 1926-жылы ачылган китепкананы башка орунга жылдыруу боюнча Жалалабад шаар мэриясынын көрсөтмөсү себеп болгон. Мэриянын оозэки буйругу аткарылбаса китепкананын жетекчиси менен көчүүгө каршы болгон кызматкерлердин кызматтан айдалуусу мүмкүн экендиги мэри өкүлдөрү эскертишкен. Кайрылуу ээлери китеп фондусунда 126 миң нуска китеби жана 66 миң окурманы бар китепкананы сактап калууга, колдон келсе 500 миң чарчы метрлик жаңы китепкана курууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Талаптары орундалбаса саясий акцияга барышарын эскертишип, сунуш кылынган жай китепканага тардык кыларын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG