Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Жалалабад облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар башталды

ЖАЛАЛАБАД. Облуста жергиликтүү кеңештердин сессияларында райондук, шаардык округдук шайлоо комиссиялары түзүлдү. 19-августтан кийин участкалык 364 комиссия ачылат. Шайлоочуларга ыңгайлуу болуу үчүн кошумча түрдө жаңыдан жергиликтүү 17 шайлоо комиссиясы уюштурулат. Бул тууралуу 16-августта шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча облустук комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык облустагы 12 шаар, райондо түзүлгөн округдук комиссиялар 10-октябрда болуучу шайлоону уюштурат. Айыл, шаар кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер сунуш этилүүдө.
XS
SM
MD
LG