Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

С.Иманбаев: «Э.Байсалов каттоосу жок атуулдар тууралуу маалыматты кайдан алганы белгисиз»


БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча, бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун 10-октябрда боло турган жергиликтүү шайлоого кеминде өлкөнүн 350 миң атуулу катыша албайт деген билдирүүсү негизсиз. Сулайман Иманбаев мындай пикирин бүгүн «Кыргызинфо» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусу боюнча, Эдил Байсалов 350 миң адамдын каттоосу жок деген маалыматты кайдан алганы белгисиз. Сулайман Иманбаев азыр бул маалыматты Бишкектин мэриясы тактап жаткандыгын кабарлап, каттоосу жок атуулдар акыркы турган дареги боюнча убактылуу каттоого турса болоорун жана анын негизинде добуш берүү укугуна ээ болоорун кошумчалады. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов каттоосу жоктугуна байланыштуу 350 миң адам добуш берүүгө катыша албай калат деген билдирүүнү өткөн жумада тараткан эле.

XS
SM
MD
LG