Шахмат боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, АКШ атуулу Бобби Фишер Жапониянын шахмат бирикмесинин бшчысына үйлөнмөк болууда. Бирок, анын жапан кызга үйлөнүшү өз мекени Америкага өткөрүлүп берилишине жолтоо боло алабы же жокпу, азырынча белгисиз. АКШ бийлиги 1992-жылы ал Борис Спасский менен шахмат ойноп, Югославияга коюлган эл аралык чектөөлөрдүн тартибин бузган деп айыптоодо. Экс-чемпион быйыл июлда Жапонияда жүргөн жеринен кармалган. Адвокатынын айтымында, Бобби Фишер Америка атуулдугунан баш тартканы жөнүндө арызын Мамлекеттик катчы Коллин Пауэлге жанаТокиодогу АКШ элчилигине жөнөттү.