Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Ырасмий Пхеньян сүйлөшүүлөрдөн обочо карманууда


Түндүк Корей бийлиги бул өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча кеңешмелерге катышуудан баш тартты. Таратылган билдирүүдө АКШ бийлиги Түндүк Кореяга өтө эле кастар мамиле тиккендиктин сүйлөшүүлөрдү улантыштын кажети жоктугу жазылган. Бирок, бул окуя АКШ, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Кытай, Орусия жана Жапан катышкан сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын билгизери так эмес. Ырасмий Вашингтон Пхеньяндан өзөктүк иштетүүлөрүнөн таптакыр кол жууну талап кылып келет. Ал эми Түндүк Корея Америка өз кезегинде экономикалык санкцияларды жоюп, террорду колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чийип салышын каалайт.

XS
SM
MD
LG