Улуттар уюму Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди. Улуттар уюмунун Судандагы өкүлү Ян Пронктун айтымында, кара африкалыктарга зордук-зомбулук көрсөтүп келген араб согушчандары дале коркунуч туудурууда. Дарфурга Африка союзунун бейпилдик күчтөрүнүн Руандадагы аскерлери келди. Судан бийлиги бул куралдуу күчтөр араб согушчандары менен кагылышуудан сак болгону оң деп эсептейт.