Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

Тбилиси Түштүк Осетияга эскертүү жасады


Цхинвалиден алыс эмес кыштактагы атышууда эки грузин аскери набыт болуп, бир нече адам жарадар болду. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Кечээ ырасмий Тбилиси Түштүк Осетияга эскертүү жасады. Эгер сепаратисттер тараптан куралдуу сокку боло турган болсо анда грузин куралдуу күчтөрү жооп берүүгө даяр. Грузиянын Коргоо министри Георгий Барамидзе журналисттерге мындай деди:

- Биз согушту болтурбаш үчүн болгон аракетти жасайбыз. Бул грузин бийлигиндеги кызыкчылыгындагы иш эмес. Эгер муну болтурбаганга такыр мүмкүн болбой калса, анда экинчи тараптын чакырыгын кабыл алабыз. Бул деген - Грузия, биздин өлкө, биздин эл, - деди грузин министри.
Ал эми сепаратисттик Түштүк Осетиянын бийлиги кабарлаганга караганда, ок чыгарбоо тууралуу келишимге карабай, грузин аскерлери Цхинвали тарапты аткылоону улантууда.

XS
SM
MD
LG