Нажафка ал жердеги шийит согушкерлери менен АКШ жана Ирактын аскерлери ортосундагы урушту токтотуу максатында келүүчү делегация согушкерлерди куралсызданып, саясий жараянга кошулууга чакырары күтүлүүдө.
АКШнын жана Ирактын өкмөттүк аскерлери менен шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас-Садрдын "Мехди" армиясынын согушкерлери Нажафта өткөн аптадан бери салгылашып жатат. Андан жүздөгөн адамдар, көбүнсе "Мехди" армиясынын согушкерлери мерт болду. Моктада ас-Садр жана анын көпчүлүк жактоочулары шийиттер үчүн өтө ыйык деп саналган жай - имам Алинин күбөзүндө башкалкалоодо. Эл аралык "Хьюман Райтс Уочт"уюму Ирак бийликтеринин Нажафтан журналисттерди кетирүү жөнүндөгү чечимин сынга алды.