Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Баткенде шайлоого даярдык башталды


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон 17-августта алынган маалыматка караганда, учурда райондук, шаардык округдук комиссияларын түзүү үчүн анын курамына мүчөлөр сунушталууда. Округдук комиссиялар түзүлгөн соң облуста 171 участкалык комиссия ишин баштайт. Мындан сырткары шайлоочуларга ыңгайлуу болуу үчүн кошумча түрдө дагы 14 жаңы участкалык комиссия уюштурулат. Жергиликтүү Кеңештерге шайлоо Баткен районундагы Аксай, Актатыр, Самаркандек жана Лейлек районундагы Бешкент, Маргун айыл өкмөттөрүнүн аймагында өткөрүлбөйт. Себеби, жаңыдан түзүлгөн бул беш айыл өкмөттүн жергиликтүү кеңеш депутаттарынын мөөнөтү бүтө элек.

XS
SM
MD
LG